дагдаңда

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Дагдаң-дагдаң этүү, жакасын эркин коё берип шашкалактап, энтеңдеген кыймыл-аракетте болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

дууланып, / Кулак-мурун тундуруп, / Ач кыйкырык чуу салып, / Чалдардын баары бакчаңдап, / Жаштардын баары чакчаңдап, / Кең көкүрөк сом далы, / Балбандын баары дагдаңдап, / Сакалы актар жайкалат, / Мингени жорго чайпалат, / Чыгып жатат калмактар, / Өргөн биттей самсаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыныке чуркап какчаңдап, / Түрүлгөн көзү чакчаңдап, / Чуркап кирди үстүнө, / Токтоо кылбай дагдаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…рган, / Сегизиңе айтамын, / Мен сайдырып салганда, / Көрбөгөндү көрөсүң, / Тирүү жүрсөң жалганда, / Бөөдө ажалдан өлөсүң, / Көз жумасың арманда, / Аралап кирет дагдаңдап, / Топурак учат жер чаңдап, / Каратып койуп калганды, / Ичиңден сойот, эр тандап, / Кутулбайсың сегизиң, / Пара берип, мал жандап, / Калдуубеттин жөлөгү, / Кер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →