дагдай
- Кең көкүрөктүү, төшү жайык болуп көрүнүү, далдаюу.
- Көкүрөгүн ачык коюу, жагжаюу, кымтыланбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Теңсинбесе бир бала, / Курушту куйка терибиз, / Үрпөйдү төбө чачыбыз, / Ачууландык баарыбыз, / Бир жанга кантип ал келбейт, / Чогулушсак баарыбыз, / Деген ойло кумсардык, / Байрак тиктеп туу сайдык, / Найза күүлөп төш жайдык, / Биз көпчүлүк, ал жалгыз, / Канат керип дагдайдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сакалдарын карасаң, / Өзүбектин дабындай, / Маңдайынын кеңдиги, / Азык салчу байлардын, / Алты карыш кабындай, / Чекесинин бырышы, / Кой кыштоочу адырдай, / Кең көкүрөк дагдайып, / Тай чабуучу талаадай, / Эки эмчеги салаңдап, / Кысыр эмди танадай, / Эки жагын карасаң,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ээрчиткени он миң кол, / Ат көтөргүс эчен зор, / Мунардай болгон бойу бар, / Чынардай болгон колу бар, / Мындайлары дагы бар, / Көөдөнүн керип дагдайган, / Жаба айуудай саксайган, / Чыккан жүнүн албаган, / Жылтыраган көзү бар, / Кыскасы карыш төрт эли, / Өзүнө чылбыр болгондой, / Андай эчен адам бар, / Оозу үңк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Урманбет көчүгүн козгоп, оңдонуп отуруп жатып, дагдайган, кең көкүрөгүн жогору көтөрүңкүрөөк коюп, кайраттуу көзү менен кыраандай алыска карап калып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →