дабыш
- Угуу органдары аркылуу сезилген, кабыл алынган ар кандай үн, добуш, табыш, дүбүрт, шыбыш ж.б. Жаш эскирип айрылдым, Жаңырган күкүк дабыштан (Токтогул).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки калдай, эки хан, / Алдында бар үч балбан, / Өчүгүшүп айбандар, / Өрт жалындай келаткан, / Жердин бети дүңгүрөп, / Ат дабышы дүбүрөп, / Жазайыл, мылтык, топ атып, / Жамгырдай кылып ок атып, / Милтенин баары кызыл чок, / Үн басылбай тарсылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Аргымак аттар …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жолдошу көп немедей, / Жар түбүнө жашынган, / Көбөшкө жакын барганда, / Дабыш алып кылк берип, / Тайбуурул үркүп баспады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичинде, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жаткандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Аңчылардын кууп келе жатканын, иттердин арылдаган үнүн угуп, сага алардын жер жарган дабышын билгиздим, – деп жооп берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →