дабыра
- Дабыр-дабыр этүү, дабыр-дүбүр эткен дабыш чыгаруу, дабырттоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Жедигерден үчөөнү, / Көгүчкөндөй ыргытып, / Каракөз менен кагышып, / Качырышып сайышып, / Калбалашып жатканда, / Бодоң менен Турумбек, / Салгылашып жатканда, / Дабырап аттын табышы, / Жакын жерден угулуп, / Ким экенин билем деп, / Каракөз карап бурулуп, / Маңгыттардын хан Калдык, / Чалдыкты көзгө урунуп, / Каракөздүн жүрөгү /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмамбеттен ажырап, / Айанбай чаап дабырап, / Таң келин каш убакта, / Айкөлүңдү чатырга, / Байтөлөн келди алдырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп Кара дөө жабырап, / Жалынып кетип баратат, / Жандай чуркап дабырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаман чуркап алыптыр, / Ошонун баары дабырап, / Ошолорду көргөндө, / Токтоно албай мен качтым, / Акылыман ажырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кара чаар жолборс карсылдап, / Аргымактын табышы, / Алтымыш аттай дабырап, / Бир канаттуу кушу бар, / Күн тийгизбей баатырга, / Канатын жазып калкылдап, / Сыр көрүндү бар жанга, / Ким теңдешет андайга?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →