дабыр
- Дабырай чыккан дабыш; дабыраган дүбүрт, дабырт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…йбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / Кутурган иттей арсылдап, / Азуулары карсылдап, / Жер дүңкүлдөп дабырты, / Жетип келди чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ды, / Каркылдаган каргадай, / Калбай баары каптады, / Дүр койуп каптап киргенде, / Кудай бетин нары кыл, / Кайсы экени билинбейт, / Жердин бети дүрүлдөйт, / Ат дабырты дүбүрөйт, / Тепсетип өттү неченин, / Аттуулары чабышып, / Жыйнай албай этегин, / Найзага найза кагышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокмордун күүсү күркүрөп, / Үн чыгып жерден дүңгүрөп, / Тапактын эли жагынан, / Айгай чыкты дүркүрөп, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жерге кирди сүлкүлдөп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Ыйлап турат Конушбай, / Эчкирчүдөй бүкүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…к бура тарткынча, / Жана минди шапа-шап, / Эрегишип көгөрүп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң созулуп, / Так үч күнү алышты, / Оро казган немедей, / Жерди жыртып салышты, / Алмамб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Акун хандын шаарына, / Түгөнгүр жетип барды эми: / — Дабыр, дабыр, дабыр таш, / Дарбаза түбү темир таш, / Дарбаза тоскон Карасарт, / Дарбазаңды кайра тарт, / Акун хандай ханыңа, / Айта турган арызым бар, / Сүйлөй турган сөзүм бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →