даба
- Дары катары колдонулуучу ар кандай каражат, себепчи, дары.
- Амал, айла, ылаажы.
- Күч, ал, чама.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Кечээ тургай түндө сак, / Мен багып жүрдүм сак сактап, / Бүгүн жинди болуптур, / Дартына дабаа ким табат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жекелеп келген Талана: / — Жекеге келдим мен сага, / Жиним келип козголдум, / Табылбайт бүгүн саа даба.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Беттешип калса пендеге, / Табылбас ага эч даба, / Кулач кез мойну узарып, / Өпкөдөй бети бышарып, / Өрттөй көзү кызарып, / Көн кисеси шалпылдап, / Чоң кылыч белде жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоронун айтканын, / Укпай калды бир жери, / Гүлүстөнгө Семейдин, / Мына бул болду бир кеби: / — Сен Гүлчоро, кайра тарт, / Каныкей менен Бакайга айт, / Мага дабаа болчуну, / Элден сурап издеп тап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр Жалгызек жаш бала, / Күчүнө жок эч дабаа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →