даары2

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Жакындап тийип өтүү, жанып өтүү, учкаяк тийип кетүү, тийүү.
  2. Күчөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Кайран жанды кейитип, / Эртеден кечке салышып, / Кечинде кайта келишип, / Баатырлар кайтып келгенде, / Аттан жулуп алышып, / Алдына көрпө салышып, / Жарага даары чабышып, / Илегерлер чогулуп, / Түрдөп айла табышып, / Уктабай таңды атырып, / Кейипкерин багышып, / Тунарыгы ачылып, / Сүрүп чыкты таңатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өлбөсө да Кененим, / Өлүмчө болгон кезеги, / Менин огум даарыган, / Эмгиче өлбөй жүрөбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Угузуп турут өзүнө, / Каратып туруп көзүнө: / Көтөргөн атам Бекбача, / Көп кыйналсын баары, деп, / Алып келгин тапкыла, / Кошуучу буга даары, деп, / Өлтүрчүдөн таптырып, / Көп күнгө болжоп жаткырып, / Кемпир менен эки уулду, / Кел бери деп чакырып: / — Эне болдуң сен мурун, / Катын – балам бардыр, д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бирок ушул кеп кандай укмуштуу болуп айтылып жатса да Кыргыз-Сайдагы малайларды көп коркунуч даарыган жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →