даам

китептерде 48 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсени жегенде, ичкенде, татканда тил аркылуу сезилген татыгы, татым.
  2. Тамак, оокат.
  3. өт. Маани, маңыз, мазмун, мазе, кызыктуулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкүм барып айтыптыр, / Солк этпей кыргыз жатыптыр, / Кысыр эмди тай сойуп, / Кымызга чайкап бал куйуп, / Дасторкондун бетине, / Канча түрдүү даам койуп, / Конокторго тартыптыр, / Бирге олтуруп Кененим, / Таамды бирге татыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сары жел артуу туу белде, / Салкын жерде жатайын, / Кол-бутум сунуп керилип, / Уйкунун даамын татайын, / Келишкен сонун жер экен, / Ыраатын мунун татайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аскер түшүп жатышты, / Жан казанын асышты, / Уйкунун даамын татышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →