даакы
- Жаныбарлардын жазында түлөп түшүүчү жүнү.
- Түгүн сыртын каратып кулундун терисинен жасалган тон.
- өт. Тытылып, самсаалаган, абдан эскирген кийим, төшөнчү ж.б. Даакысы кетти тытылып («Манас» С.К.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошол тайда, Жакып бай, / Эки-үч түрдүү белги бар: / Ак сур кула түгү бар, / Кулун даакы түшпөгөн, / Учасында жүнү бар, / Орто эшектей бойу бар, / Жоон сабоодой колу бар, / Өсө албай жүрөт корунуп, / Жашырып бойун жаныбар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Малды ээрчип кетпеди, / Жашы бышты болгунча, / Даакы жүнү түшпөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →