даа

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Батынуу, тартынбоо, тайманбоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп ойлонуп даай албай, / Бекбачаны бетке албай, / Жандай тартып жөнөдү, / Бара жаткан кишини, / Бекбача баатыр көргөнү: / — Баскан жолу алыс жол, / Аты шалтак кара тер, / Чамбыл сур болуп кетиптир, / Болбосо өзү карагер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Антип-минтип арадан, / Даалай күн өтүп кеткени, / Кыргыздар кандай болду, деп, / Кененим жөнөп кеткени, / Чойун алпты Кененим, / Кууп кеткен кездерде, / Коросондун Кесилет, / Бастырып чыкты жекеге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калмактар качып бириндеп, / Этек-жеңи дирилдеп, / Беттешип калса өлдүк, деп, / Кыйаматты көрдүк, деп, / Даай албай калды Мажикке, / Сийдиги агып бүркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балбандарың баары кыл, / Душманга колу шок эле, / Даа тутуп душман келе албай, / Жалындап турган чок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Сүрүнөн алдына жан даап бара алар эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →