да2
- Аныктоо, ырастоо, тактоо, күчөтүү маанисинде колдонулат.
- Бир нерсеге таңдануу маанисинде колдонулат.
- Кекетүү маанисин берүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Падыша Чыңгыш болсоң да, / Өтө сенин пейлиң тар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көөн ооруңдун баарын айт, / Жик-жигинен айрып айт, / Болгон иштин дайнын айт, / Көр оозунда турасың, / Ушунчаңда кайра кайт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бул тууралуу Шадыкан аркалуу да бир айттыргамын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →