гүлдө

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Гүл ачуу, гүл алуу.
  2. Көгөрүү, жашылдануу.
  3. өт. Жыргапкууноо, өркүндөө, өсүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Өлүп кеткен кишини, / Быйдана төшөп алдына, / Термеге ороп жердеген / Бейкасам менен шайыны, / Жибектен жасап түрдөгөн, / Баашайы башка кулпуруп, / Тоту куштай гүлдөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
тигет деп жүргөнмүн, / Эми колго тийиптир, / Түшкө кирбес бул бир иш, / Алмамбет кошо келиптир, / Төлгөбүз түп болуппуз, / Жетинип жерге тунуппуз, / Аркасында гүлдөдүк, / Айкөл Манас уулубуз... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бактары гүлдөп кулпурган, / Салган тамы алтындан, / Хан сарай деп айтылган, / Салтанаты ушундай, / Ичинде адам сүйлөсө, / Ат чабым жерге угулган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күзгүдөй жарык тийген күн, / Гүлдөгөн кайран биздин жер, / Чүмкөнүп кара каларбы?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →