гүл

китептерде 1024 жолу, 10 китепте
  1. Уруктоо, мөмө байлоо, чаңдашуу процесстери жүрүүгө ыңгайлашкан ар кандай түстөгү желекчелерден жана аларды бириктирген чөйчөкчөдөн ж. б. турган өсүмдүк.
  2. Ушундай өрчүү органы болгон өсүмдүктүн гүлү.
  3. Кездеменин же башка нерселердин бетине түшүрүлгөн ар кандай гүлдөр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баатырың мойнун бурганда, / Балакеттүү Торгойго, / Таң агарып күн чалды: / Алты менен тогуз жыл, / Унутулуп ал калды, / Айланасын караса, / Жайнаган кызыл гүл алды, / Жарылып кетчү немедей, / Жүрөгү балкып кубанды, / Бастырганын биле албай, / Балакет Торгой кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Гүлчоронун кебине, / Канчоро эриң кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты буркурап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Атым Гүлпаары. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →