го

китептерде 198 жолу, 10 китепте
  1. Күмөндүүлүк, ачык эместик, божомолдоо маанисин билдирүүчү сөз.
  2. Ырастоо, күчөтүү маанисинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошол кастык кылган го, / Ойлошумча так ошо, / Кызылкызды жиберем, / Жинге барып келгин деп, / Татылданын күйөөсүн, / Мага таап бергин деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Өзөнү кең, жери түз, / Өчүгүшкөн доңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп, / Калың журт турса кан какшап: / Коктуларда топ болсо, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Анда ойлонду эр Сыргак: / “Алдымдагы калдайган, / Коңурбай го байкасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Агарып сүрүп таң чыкты, / Жаркырап-жайнап күн чыкты, / Кутургурду караса, / Кадимкидей бул чыкты, / Караанын көрүп капырдын, / Кара дөөдөн кеп чыкты: / — Хан Семетей, эр Гүлүс, / Бүгүн башка салат го, / Бул Кутургур мүшкүл иш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондуктан көк чөп күчтүү го. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →