гигиена

  1. Адамдын организмине сырткы чөйрөнүн тийгизген ар кандай таасирин изилдөөчү жана саламаттыкты сактоо чараларын иштеп чыгуучу илим.
  2. Саламаттыкты сактоону камсыз кылуу чараларынын практикалык жыйындысы.
  3. Төрөт үйүнүн кызматкерлери аялдар арасында аялдардын гигиенасы жөнүндө түрдүү темадагы аңгемелерди өткөрүшөт («Кыргызстан аялдары»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.