гармонь
- Эки жагындагы клавиатурасы бар, эки жакка тартылып, ар түрдүү үн чыгаруучу баскычтары басылуу аркылуу күүгө келтирилип ойнолуучу музыкалык аспап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Байлардын сол-кулдаган кыздары, боз балдары болуп, эртели-кеч майрамдай кийинип, чогулуп ырдап, гармонь тартып зоок-тор мурункудай тышка чыкпайт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →