гана
- Чектөө, күчөтүү маанилерин билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Мен кармайын аны,- деп, / Сыргак айта салыптыр, / Ажыкең түштү жер жакка, / Минди Сыргак шарт гана.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Шадыкан чепейген арыкчырай гана сары киши.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мына, Большевиктер ушул үчүн гана жаралган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Сууга барып "шалп" эткенде гана өлөрүн билди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →