галерея
- Эки имаратты кошуп, ошону бойлото кеткен узун, ичке, үстү жабык киши жүрүүчү, өтүүчү жай.
- Имараттын бет маңдайындагы үстү жабык, ичке, узун коридор же балкон.
- Эс алуу, сейилдеп жүрүү ж. б. үчүн жасалган үйдөн окчун, капталдары ачык же айнектелген узун ичке жай.
- Театрдын, цирктин ж. б. жогорку ярусу.
- Жер астындагы жумуштарды иштөөдө, согуштук курулуштардагы керектелүүчү жер астындагы узун, ичке жол.
- Искусство чыгармаларынын көргөзмөсү үчүн ылайыкталып атайын жасалган имарат.
- өт. Узун тизмек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.