ванна
- Суу толтуруп жуунууга, киринүүгө ылайыкталып жасалган дагыра.
- Иштетилүүчү буюмдарды же башка нерселерди ичине салып чөмүлтүү үчүн ылайыкталып, ичине ар кандай суюктук толтурулган ар түрдүү формадагы жана чоңдуктагы идиш же жай.
- Ушундай суу толтургучка дарылануу максатында жуунуу, түшүү процесси.
- Таза абанын, күндүн нурунун ж. б. таасири астында дарылануу, денени чыңоо процедурасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.