вазир

китептерде 139 жолу, 8 китепте
  1. Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндөгү жогорку мансаптуу адам, падышанын кеңешчиси, мамлекеттик кеңешчи.
  2. Хандын, падышанын акыл, кеңеш берип туруучу кишиси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тан, / Баарын кылчуу мен элем, / Көзүм катып баратат, / Дарыңды берсең, мен жесем, / Шишик басып кетерин, / Аны ойлоп билбесем, - / Буйрук кылды Кызыл алп, - / Вазирлерди чакырган, / Оңдоп мени жаткырган, / Теңин ичтим ичимен, / Калганын сырттан чаптыргын, / Алтымыш батман таш батчуу, / Кайыштан куржун таптыргын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Вазирине бериптир, / Байкуш вазир канетсин, / Уул-кыздан чогултуп, / Бир топту алып келиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кең Керкиттин сурагын, / Балыкчыга суратты, / Көкбука менен Жетилбай, / Бири вазир, бири балбан, / Ошолордун колунда, / Күн батыштын сурагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Орусхандын алдында, / Он вазир менен отуз бай, / Алтымыш бий, кырк балбан – / Бүткүл Урум элинин, / Жакшылары сыйланган: / Сексен адам дагы бар, / Жакшы чыгып келаткан, / Жаңы өспүрүм жаштар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →