бөөдөсүнөн

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Куру бекер, эч себепсиз, бекеринен, бөөдө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен-менсинип келген бири жок, / Буларда намыс талашып, / Кырылып кетсе жакшы эмес, / Бөөдөсүнөн кан агып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…п жоголуп, / Көпчүлүктү аралап, / Манастын уулу Кененим, / Эр көкүрөк эрениң: / “Каптап келген калмакка, / Карбалас кыргыз кошулар, / Кызыл кан агып жошулар, / Бөөдөсүнөн кыргыздар, / Кыргын болор ушулар” / Деп ойлонуп алганы, / Бактыбайлап бакырып, / Эр Сүйүн деп чакырып, / Чолпонбай деп акырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ана-мына дегиче, / Ачып-көздү жумганча, / Эр Төштүктүн Чалкуйрук, / Кирип келди такымдап, / Анда Коңур муну айтат: / — Буруттун тийбе атына, / Бөөдөсүнөн чыр чыгат, / Чалкуйрук алдын тосоттоп, / Өткөрбөгүн көп калмак! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түрү суук заардуу кул, / Бөрк ордуна баш алган, / Бөөдөсүнөн кан чачкан, / Тоо бөксөрүп жол салган, / Томкоруп нечен эр алган / Менменсиген далайын, / Катынын жесир тул кылган, / Бет алган жакка чуу салган, / Бейпайлуу элди муң кылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлүскө жандап Сейтек: / — Чарынга барбай, абаке, / Күмүшбулак баралы, / Иледеги жылкыны, / Айдатып келе калалы, / Бекер таап албайлы, / Бөөдөсүнөн калбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →