бөтөн
- Бөлөк, жат, чоочун.
- Чыгыш жөндөмөдөгү атоочторду жандай, андан тышкары, башкача, бөтөнчө экендигин билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросон менен испанга, / Жону туйук нар бердик, / Сандыкка салып зар бердик, / Андан кала бергенде, / Кыргызды чаап алгын, деп, / Сыртынан бийлеп аа бердик, / Өз билгенче айабай, / Карындан майга мал, дедик, / Айткандын баары бөтөн сөз, / Акмак болгон белембиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Какшыган чөлдө жүрүпсүң, / Кара баштан мен жалгыз, / Кайыр элде бүтүпмүн; / Куйруктуудан сен жалгыз, / Кубарган чөлдө жүрүпсүң, / Жумуру башта мен жалгыз, / Бөтөн элге бүтүпмүн, / Кубанышты билбеймин, / Күндө күчөп кирдеймин, / Уйаң менен ишим жок, / Учурарга кишим жок, / Ушул жерде жаныбар, / Улуп калар итим жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ныкей, / Ак кебиңди айттым, — деп, / Сейтек менен Чүрөккө, / Аксакал айтсын, — деп, / Сен кечкенсиң Канчоро, / Мен кечпеймин сени, — деп / Өзү билет Гүлчоро, / Бөтөн киши билбеген, / Аты менен алпарып, / Жер үйгө койду киргизип, / Ак ниетин билгизип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жан алуучу жапанда, / Ач карышкыр түрдөнүп, / Бузулуп өңү Бөтөнө, / Албан-албан сүрдөнүп, / Жыгачтар коркуп дирилдеп, / Кашы менен кирпиги, / Тал-тал болуп бириндеп: / — Келдым мен сага Бөтөмө, / Сомбилек эми өлдүң, — деп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Күндөгү жеп жүргөнүбүздөн да бөтөн.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →