бөрт
- Бүртүктөнүп бүдүрөйүп чыгуу, күчүктөп бөрсөйүп чыгуу.
- Керте-керте чоңураак кесүү, өтө майда туурабай чоңураак тууроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жарылып кетет сырты деп, / Балталардын уңгусун, / Коло менен чырмашып, / Найзаларын жаңыртып, / Ала-була сырдашып, / Тыштан кийген соотторун, / Жыртылган жерин тордотуп, / Үзүлгөн жерин улатып, / Тешилген жерин жаматып, / Мыгынан чыгып кеткенин, / Айабай бөрттөп кадашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →