бөпөлө

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Алгыр кушту ж.б. бөпү-бөпү деп үндөө.
  2. өт. Үндөө, чакыруу.
  3. Эркелетип ардактап багуу, алпештөө, бапестөө.
  4. Ардактап багуу, алпештөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хан Мамайдын жалгызы, / Бөдөнөнү бөпөлөп, / Хан көтөрүп алалы, / Билесиңер, баарыңар, / Бөрү алгандын баласы, / Тир жебей түлкү аларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Семетей канкоруң, / Гүлчорону жемелеп, / Көктү карап бөпөлөп, / Көтөрүп алып шумкарды, / Чоң ак куу кетти көкөлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →