бөлөкчө
- Башкача, айрыкча.
- Мыкты, артыкча, өзгөчө.
- Айрыкча мыкты, өзгөчө сонун, артык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акым, Шакым эки дөө, / Орто - карта ал экөө, / Жору куйрук Кызыл алп, / Жолборс жүрөк бөлөкчө, / Мени менен бет келсе, / Бир карачкы көлөкө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен өнөрлүү кыз элем, / Көп кишиден бөлөкчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эртең абдан билем, деп, / Эрикпеген Кара дөө, / Кара бойу бир дөбө, / Баатырлыгы бөлөкчө, / Балбандыгы бир канча, / Атын байлап суутуп, / Ал да жатты аскада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аргымак суудан оозуна, / Ууртап алып толтура, / Тамызып сууну туруптур, / Жараатка чапкан дарыга, / Тамызып турду дембелеп, / Жалбырак куурап калат деп, / Жашартып улам бул чөпкө, / Айбанда болсо жылкынын, / Акылы артык бөлөкчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →