бөлөктүк
- Өзүнчө болу, башкалык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөлөктүк кылып койду, деп, / Агам айтып калар, деп, / Ошол үчүн айткамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эшиктен кирип эки-үчөө, / Энтелеп айтат Көкчөгө: / — Кытай кул келет кырданып, / Кыйла эле сурданып, / Атын санга салды, — деп, / Кылычын жалаң алды, — деп, / Кызыталак бу калмак, / Кылмак болуп калды – деп, / Көргүлүктү көрдүк, — деп, / Бөлөктүгү курусун, / Бөөдө Көкчө, өлдүк!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бөлөктүгү курусун, / Не келдиң деп тергектеп, / Кээкер менен турушуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →