бөлөк
- Бөтөн, жат, өз эмес.
- Өзүнчө, айрым, бөлүнгөн, башка.
- Бөлүк-бөлүк, салаа-салаа, бири-биринен ажыраган, башка-башка.
- Өзгөчө, айрыкча, башкача.
- Чыгыш жөндөмөдөгү атоочторду жандап, кыймыл-аракеттин «башкача», «өзгөчө», «айрыкча» деген түшүнүгүн билдирет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигердин Каракөз, / Айтканы так таттуу сөз, / Анткен менен Каракөз, / Ниетинде күмөн бар, / Колдон келсе иш бөлөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросон барып Дабытай, / Козголбой жатып ала албай, / Талап алган кыргызды, / Малы-пулун айабай, / Эки бөлөк кат жазып, / Саламат менен Ачакан- / Ал экөөнө деп, жазып, / Бат жеткизип келгин, деп, / Жөнөткөн эле бир күнү, / Эки киши аткарып, / Учурап калды Кененим, / Кетемин деп келатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Бурананын белинен, / Булуттун алды четинен, / Буркураган чаң чыгат, / Бөлөк-бөлөк туу чыгат, / Кой маараган сыйактуу, / Кулакты жарган дуу чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Жетимиш миң көп аскер, / Селдей каптап дүр койду, / Алмабаш менен Гүлчоро, / Алдына утур бир койду, / Аламан келген көпчүлүк, / Ат бастырбай токтолду, / Чачыратма ал октон, / Үч жүзчөсү жок болду, / Чогуу баспай көп аскер, / Бөлөк-бөлөк топ болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Буга бизден бөлөк элдин түгү коробойт экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →