бөлө2
- Жаш баланы бешикке жаткызып, ороп-чулгап таңуу.
- Ороо, таңуу.
- Кармалган жапайы куштарды кийизге ж.б. канаттарын кайырбай тургандай таңып ороо.
- өт. Каптоо, курчоо, ороо, балкытуу, чөмүлтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Капчыгай ичи тар экен, / Суу агыны шар экен, / Белестен ашып түшкөнү, / Кең майданы бар экен, / Бетке алып белести, / Калдык капыр жөнөдү, / Ашырбай белден алам, деп, / Эр Бекбача көгөрдү, / Алдындагы тору атты, / Камчыга басып бөлөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арыгансып калбастан, / Ажымдын артып өнөрү, / Кеңкол өөдө жөнөдү, / Шылтоологон эмесин, / Камчыга шыбап бөлөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жедигерге чаң салып, / Бөлөйүн деп кыргызды, / Бир четине таратып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аккелтеңди бере кой, / Асынып аны көрөйүн, / Ак албарсын байланып, / Алышуучу жоо болсо, / Айдап койдой бөлөйүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →