бөлүндү
- Бөлүнгөн, бөлүнүп калган, бириндеген, бир беткей эмес, бирдиктүү эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулак түбү ушу, деп, / Муштап өттү Чакмакташ, / Кызыл канга найзаны, / Чыктап өттү Чакмакташ, / Жер кучактап жыгылды, / Топтого башы тыгылды, / Денеден башы бөлүндү, / Бу да көрдү өлүмдү, / Агачалык каңгайдан, / Жана бир бөлүндү, / Алдынкы өлгөн экөөнүн, / Балбаныраак көрүндү, / Найза сайып көрбөгөн, / Найзалашып көнбөгөн,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…еп, / Медеркан атын укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да Чигитей, / Жүзүмдү көрүп калсын …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сыйкырдын баары төгүлдү, / Тордон Сыргак бөлүндү, / Байкап көрсөм Сыргакты, / Бир ажыдаар көрүндү, / Белсенип турган оогандык, / Бекерге каны төгүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Урушка уруш улады, / Уруш кылып жүргөн жер, / Дал-дал бөлүндү, / Тай буурул менен Тоосурдун, / Семетей менен Кутургур, / Тери суудай төгүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Илгертен калган чоң шарт го, / Өкүмүнө көнүшүп, / Башында айтып угузган, / Сурнайдын үнү зыркырап, / Кыргыз менен кытайлар, / Катар тартып үн кошуп, / Бөлүндү аскер чуркурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →