бөлүм
- Көп бөлүктөн турган имараттын, үйдүн, курулуштун ж.б. ички бөлүнгөн бөлүктөрү.
- Чыгарманын, китептин ж.б. негизги ири бөлүктөрү.
- Борбордук мекемеге, ишканага же борбордоштурулган уюмга баш ийүүчү анын айрым тармагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ханы экен, / Ары качып чыгышка, / Деңиздин бойун мааналап, / Туруп калган чагы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Шоорук деген хан, — деди, / Хан Каракөз өтүптүр, / Илгерки өткөн убакта, / Азыркы Шоорук ханыбыз, / Хан Каракөз калдыгы, / Ээ боло албай элине, / Бир бөлүмгө арзыбай, / Мунун ичинде бардай ардыгы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күмбөздүн ичин караса, / Канча бөлмө бөлүнгөн, / Ар бөлүмгө ар башка, / Арбын дүйнө төгүлгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калганын калмак талады, / Өзүнө кылып каранды, / Ороздунун он уулун, / Он бөлүм кылып санады, / Касиет, Калка ал экөө: / “Камыналы эми, — деп, / Капташпайлы желге, — деп, / Агып кетип калбайлы, / Агып келген селге” – деп, / Отуз миң үйлүү эл менен, / Калмакка барып эл болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таласка барат экен, деп, / Жашырган жок чебердеп, / Улуу инген, кичүү инген, / Кара кырым каңгайга, / Бүткүл моңгул бар жайга, / Алда канча андайга, / Алты бөлүм калдайга, / Айтып элге даң кылды, / Түнүндөсү уктатпай, / Түн төшөккө зар кылды, / Кыргызга барам дегели, / Калганга күндү тар кылды, / Кежирлик кылган кишини,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →