бөлүк

китептерде 22 жолу, 6 китепте
  1. Бүтүндүн өз ара бөлүнгөн айрым бөлүндүсү.
  2. Машинанын ж. б. айрым тетиктери же айрым тетиктерден турган жабдуулары.
  3. Айрым аскер топтору, өзүнчө бир бирдикти түзгөн аскер күчтөрү.
  4. Чыгарманын композициялык жактан ажыратылып турган айрым үзүндүсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барбагын деп жатканда, / Изчиден келди бир бала, / Эл аралап, келдим, дейт, / Элдин сырын билдим, дейт, / Беш бөлүнүп аскери, / Бүгүн түнү болжолу, / Кирмек экен Таласка, / Бир бөлүгү катылмак, / Арбагы бийик Манаска. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир бөлүгү биздин эл, / Кас тилеги Кашкарда, / Жоодарды кармап сойолу, / Жоготуп аны койолу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Темири сынган эл көрдү, / Учуп жүрөт зыркырап, / Найзанын нечен бөлүгү, / Ободой барат чыркырап, / — Кезегиңди бергин, — деп, / Келбеттүү көк жал жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үчкө бөлсө дүйнө элин, / Бир бөлүгү ушул эл. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Бөлүктөн ашып калган төөнүн бөйрөгүн Түкөң тымызын култ эттирип алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →