бөлтөк

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Дөңчө, дөңгө окшогон кичине тоо, дөңсөө.
  2. Тоголоктошуп, топтошуп калган бүдүр, кесек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карбаластап алдында, / Чала-була караган, / Ачып колун карады, / Оң колунун бөлтөктөн, / “Манас” атын таап алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бөлтөк жүн келген кер байтал, / Оттоп жүрүп талаадан, / Ээрчитип келген Тайбуурул, / Атасы тоонун тобурчак, / Энеси чөлдүн музбурчак / Канаттуу тулпар Буурул ат, / Ойдо тууп кумда өскөн, / Кулжа менен бирге өскөн, / Тоодо туруп ойдо өскөн, / Кулан менен бирге өскөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чапандын кээ бир жеринде чогулуп калган жүндүн бөлтөктөрүнө көбүрөөк токтолуп, кенедей жерин калтырбай карады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →