бөлмө
- Имараттын, үйдүн дубалдар же башка нерселер менен айрым бөлүк кылып тосулган өз алдынча бөлүмү, комната.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үч бөлмөк болду элдерин, / Үч белден ашып киришке, / “Чигитей жалгыз бир киши, / Бирибизге кездешсе, / Экөөбүзгө ким келер?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…се да, / Имерилип тура албайм, / Эми көңүл бура албайм, / Аллам ачса ак жолду, / Барар жерим болжолду, / Жеткирсе кудай талапка, / Аралап кирип кетейин, / Алты бөлмө арапка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мадыкүл уулу Кутургур, / Жанжурбөскө келди, де, / Кастарлап келген кеп экен, / Кең таласка келмекке, / Колунан келсе бадырек, / Кыргыздын элин бөлмөккө, / Кутубайдын Кара дөө, / Карсылдашып көрдү, де, / Ар канча кылса кайратты, / Тоготпой аны койду, де, / Чапса кылыч кеспеген, / Сайса найза тешпеген, / Балтаны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шамалга учкан телпектеп, / Мен ойлоймун камгакча, / Жетим болуп Семетей, / Мурас болду биздерге, / Ошондон бери карата, / Калдуубетиң баш болуп, / Кыргызга келсең кас болуп, / Бөлмөкчү болуп кыргызды, / Чар тарапка тарата.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмөгө жаткыртып койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →