бөлкө
- Атайын калыпка салынып, ачытып бышырылган нан, булка.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Биз үйгө келгенде Жапаркул койнуна катып келген бир сынык бөлкөнүн күкүмүн кенедейин жерге түшүрбой чебердеп табакка күбүп жаткан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жалданган эки казак бала, бир жактан бөлкө ташып келип, капка салып жатышат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Иштин чукул калганына көзүм жетип, ошо жерден кайра Беккулду көздөй жөнөйүн дегенимче болбой, жаңкы кожоюнубуз мени да бөлкө ташыганга жумшады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бөлкөгө кетип бара жатып: «Беккул менен сенин жумушуң жок ээ» деп ойлоп алдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бөлкөнү тез ташышып жиберип, буйдалбай кайра Беккулду карай зымырадым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →