бөкөн
- Сайгак, сайгактын ургаачысы.
- Чачтын же жылкынын куйругунун арасына чыккан жоон чач, жоон кыл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калтырбай бара кетем, деп, / Бөкөнүн бөксө жол менен, / Үч Кошой, Сарыкоо менен, / Капка менен Эчкилик, / Калдырак Кара тоо менен, / Маңдай жагы кең тескей, / Жергенин сары талаасы, / Жерин чардап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Эчки теке жарышып, / Адырды карай салышып, / Агынды бойлоп бугулар, / Маралы кошо мунун бар, / Элик менен куран бар, / Жейрен менен кунан бар, / Төөкуш менен бөкөн бар, / Кайып келди Букарга, / Жорулар келди далбаңдап, / Бүркүт келди калдаңдап, / Карчыга келди кыпылдап, / Кыргыйек келди зыпылдап, / Кара турна чуйкулдап, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туз Көлдүн үстү Каратоо, / Ат бакты Бөкө ошого, / Бөкөнүн тоосу ат калды, / Ушул күнү бар ошо / Агып жаткан Карасуу, / Баары майдан болуучу, / Бүткөнчө шаар ал жерде, / Байматтын болгон конушу, / Май булактуу Баймат деп, / Майбулак атын койушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чиркей чагып сүт чыкпайт, / Салып койгун желин кап, / Аркар-кулжа жок экен, / Жейрен –бөкөн көп экен, / Бул экөөнүн душманы, / Топ-топ болгон чөө экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Маңдайыңда жалгыз көз, / Жалпак мурун, жайдак ооз, / Жазы маңдай, жайык төш, / Мойну кыска, кортек бой, / Туурасы келет он кучак, / Алтымыш бөрү, кырк илбирс, / Отуз айуу, он жолборс, / Сексен кулан, беш бөкөн, / Арбайтып ача мүйүзүн, / Төрт бугуну өңөргөн, / Кебетеси, ыраңы, / Жайкы чөптөй көгөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →