бөкө
- Балбан, күчтүү. Кээде алп, баатыр маанилеринде да айтыла берет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Кайгуулчу келип капташты, / Кароолчу турган белине, / Кароолчусу каңгайдын, / Алтымыш ашуун киши экен, / Ырчы, Бозуул ыктуусу, / Үзүктөй калпак эр Шууту, / Бөкө уул, Баймат мыктуусу, / Атай, Затай, Алакен, / Алар дагы бар экен, / Алыбай Серек бар эле, / Бардыгы тогуз жан эле, / Капташып калды тогузу, / Алтымыш ашуун кө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туз Көлдүн үстү Каратоо, / Ат бакты Бөкө ошого, / Бөкөнүн тоосу ат калды, / Ушул күнү бар ошо / Агып жаткан Карасуу, / Баары майдан болуучу, / Бүткөнчө шаар ал жерде, / Байматтын болгон конушу, / Май булактуу Баймат деп, / Майбулак атын койушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керней, сурнай тартуучу, / Бөкөлдөрү жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Гүлчоросу кош алып, / Көргөн адам таң калып, / Көк жалдар жүрдү жол тартып, / Көк жалда жүргөн жеринен, / Тополоң уйуп жол чаңдап, / Бөкөйдүн бөксө чөл менен, / Бөрү жүрбөс жол менен, / Казылган кара шор менен, / Карышкыр жүрбөс бел менен, / Жөнөп кетти калдайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →