бөкчөңдө
- Бөкчөң-бөкчөң этүү, бүкчүңдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кемпирлер келип бүжүрөп, / Чалдар келип бөкчөңдөп, / Орто жаштар келишип, / Ойротто жок тың эле, / Оо, кудай өзүң колдо, деп, / Алдырап-шашып чогулуп, / Ак сарбашыл кой айтып, / Ак боз бээден дагы айтып, / Айт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Какжаңдап карың кыйналсын, / Бөкчөңдөп кемпир ыйласын, / Бешикте лалаң ачка өлсүн, / Качып жүрүп уул- келин, / Курбу-курбу ташта өлсүн, / Алысак тартып чубатып, / Арыктап төөлөр чөлдө өлсүн, / Ашарг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— деп, териге ашаткы төккөн аякты боз-ала кылып кармаган бойдон бөкчөңдөп, ашыга кирип келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бурмаке бөкчөңдөп, күчү жок бутун араң шилтеп, тайгактан тая-тая кетип баратып, кыямат кайым эми орногондой кезек-кезек бирдемелерди кобурап коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бурмаке таягы менен бөкчөңдөп жүрүп келе жатып, адатындай кобурап кетет:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →