бөкчөй
- Бүкүрөйүү, бүкчүйгөн көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көтөрүп жүрүп жонуна, / Уйуп бели ооруган, / Кызарып ийни жооруган, / Өргө басса өңшөйгөн, / Эңишке басса бөкчөйгөн, / Энем аман бар бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көзүнүн жээги ириңдеп, / Жыгылып-кооп баса албай, / Бөкчөйүп бели бүжүрөп, / Кемпир калды бул шаарда, / Түйдөктөшүп сакалы, / Алынбай арка чачтары, / Төрт эли топо каштары, / Чалдар калды бул шаарда, / Каңгай, манжу ылга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кеп угуп тилдүү тирилип, / Үйгө кирди бүгүлүп, / Урмат кылып баш ийип, / Келинден бетер жүгүнүп, / Белин чындап ийиптир, / Тизеси жерге тийиптир, / Салам айтып бөкчөйүп, / Уруксат менен ал кургур, / Олтуруп калды чөкчөйүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Эки үзөнгү кагышып, / Эки уул кетти жарышып, / Хан Бакайдын кошуна, / Салып жетип барышып, / Салам айтып бөкчөйүп, / Олтура калды чөкчөйүп, / Келгенин абаң билди эле, / Кыл муруту былк этип, / Мыйыгында күлдү эле: / — Келипсиздер, баатыр, — деп, / Бар беле мага айтар кеп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүгүлүп белиң бөкчөйүп, / Бир чеңгел болуп чөкчөйүп, / Кайратың качып бөксөрүп, / Калдыңбы, ата, кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →