бөктөргө1
- Бөктөрүнчөк.
- Канжыга.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чөл кургатып кетет деп, / Чанактады сууларын, / Бөктөргөгө алышып, / Үч күндө бирден наар алып, / Аттарын кошо сугарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Көктеке минип шайланып, / Буудайык берген олпокту, / Бөктөргөгө байланып, / Тогуз жашта түгөнгүр, / Буттай темир курчанып, / Сом темирин колго алып, / Кабаттап темир кийинип, / Каар бетине төгүлүп, / Тогуздагы Чубагың, / Зо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Май канжыга бөктөргө, / Эр Сейити чунактын, / Чабуучу аты мына ушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кең колоттун курбусу, / Кулжа жатчу жер эле, / Ачып көздү жумгуча, / Куу тайган салып келди эле, / Кулжадан бөлүп айдады, / Алдына бешти салганы, / Сейтек салган бөктөргө, / Кууп келе калганы, / Атка кирип келгенде, / Бирөөн тиштеп жарганы, / Ай, жаныбар, болду, деп, / Гүлчоро барып кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →