бөксөр
- Бөксө болуу, азаюу, толуп турганынан тартылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оозго салгын, Кененим, / Кырк күн тамак ичпейсиң, / Кардың ачпайт бөксөрүп, / Күйүкпөйсүң жөтөлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Хандар кетпей калыптыр, / Карындарын бөксөртүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Бирмыскалдын бачымдап, / Күчөп калды толгоосу, / Тоо бөксөрүп күн түшө, / Бирмыскалды Каныкей, / Аман-эсен төрөттү, / Жерге жарык бүт түшө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүгүлүп белиң бөкчөйүп, / Бир чеңгел болуп чөкчөйүп, / Кайратың качып бөксөрүп, / Калдыңбы, ата, кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Мен кайтарчу музоолор күндөгүдөн анча бөксөрбөптүр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →