бөксөлө
- Бөксөлүү жер менен жүрүү, тоонун бөксөсү менен жүрүү.
- Койду союп, ичеги-кардын алып салып, эттин өзүн гана бөктөрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Жарабайт жылкы түлөөгө, / Ача туйак чалбады, / Токтоо кылып туралбай, / Баатырың жолго салганы, / Көкөй жүргөн келер, деп, / Келбей өтүп кетпес, деп, / Тоо бөксөлөп өтөт, деп, / Жол тосоттоп үй тигип, / Тиктеп жүрчүү бекемдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аңгыча сүрүп таң атты, / Тоо бөксөлөп күн чалды, / Испандыктын аскери, / Түп көтөрө аттанды / Байракты көрүп Саламат, / Атка минип басканы, / Кой, Саламат, барба, — деп, / Кененимдин айтканы, - / Канча күндөн бер жакка, / Карчалыштың кармашып, / Коросон менен испандык, / Койгон окшойт чарчатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карабуура,Чаткалдан, / Айагы куйуш Самаркан, / Күн чыгыш көздөй толгонуп, / Сол колуна айланган, / Ташкен менен Наманген, / Анжыдан менен Маргалаң, / Атактуу залкар Кебезтоо, / Бөксөлөп баарын айланган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Эки жакты карашса, тоону бөксөлөп бир короо кой жайылып жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →