бөжөк

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Коёндун баласы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п, / Жылаңайак, жылаңбаш, / Кийимсиз өзү жылаңач, / Чылбырлап кетип баратат, / Жети менен сегиздин, / Ортосунда бала жаш: / Эки үзөңгү алдында, / Эки түгөй сур бөжөк, / Кулагын тиктеп жапырып, / Кетип барат жөжөңдөп, / Бөжөң-бөжөң желишип, / Бөлөкчө сонун келишип, / Көрүп турган кыргыздар, / Бир-бирине туйгузбай, / Баабедин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…армактай салаңдап, / Маңдайда кызыл меңи бар, / Жылаңайлак, жылаң баш, / Алты жашар эр бала, / Суулуктан кармап Куланы, / Кошо чуркап калыптыр; / Эки түгөй сур бөжөк, / Үзөнгүгө жармашып, / Бу да жөнөп алыптыр; / Алтымыш кулжа бөлүнүп, / Эки жакта көрүнүп, / Бир Куланын дабыртын, / Алтымыш аттай салыптыр; / Кара чаар кабыла… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айкырыкты укканда, / Ат дүбүртү чыкканда, / Аңырайган чоң доңуз, / Арбак урган чочконун, / Карашына жараша, / Келе жаткан белдүүнүн, / Көрүнүшү бир башка: / Кара чаар жолборсу, / Бирге келет жанаша, / Жолборстору кабышып, / Эки түгөй сур бөжөк, / Үзөңгүгө жабышып, / Эки киши келатат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эки түгөй сур бөжөк, / Эки үзөңгүгө жабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Эшиктен чыга бергенде, / Алты жашар баладай, / Кызыл бала жылаңач, / Чылбырына асылып, / Эки түгөй сур бөжөк, / Үзөңгүгө жабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →