бөдөнө
- Көбүнчө эгин талааларында, чөп арасында жүрүүчү кичирээк илбээсин куш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Укмушташып угушуп, / Чогулушуп уйушуп, / Бөдөнөнүн тукуму, / Бөйөн деген баланы, / Туу көтөрүп хан койду, / Бөйөн хан деп ат конду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үйгө кирип Бөдөнө, / Баарын алды бергенин, / Атасына божурап, / Айтып барды көргөнүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бөдөнө менен Байтөлөн, / Эрди-катын Жамгырчы, / Калтырбаш, Шыгай – алты жан, / Ал алтоонун башкасы, / Манастыгын билбеди, / Жамгырчы баштап балдарды, / Бастырып жолго киргени, / Таштап койуп буларды, / Башка жакка келели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бир кезде Жапаркул алдынан жаза тайым учкан бөдөнөгө тап бергендей колун сермеп калып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Куугунчулар жете турган болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →