бүчүр

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Бак-дарактардын жалбырак, бүр ачуучу майда бүртүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаш жыгачтуу алманын, / Кабыгынан жыйдырып, / Кырчындуунун кырк чачтуу, / Тал бүчүрүн сыдыртып, / Кермегин жакшы кандырып, / Тандап жүрүп абдан, / Буласын алдым талынан, / Ак болотту эгетип, / Арасына ширетип, / Албарс учтуу шибеге, / Ак болот ийне биздерде, / Айланасын кабууга, / Араң жетти бир күнгө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүчүрүн жалын чалбады, / Тээ ортодо калган бир чынар, / Түбүнө кыйан барбады, / Алоолонуп от күйүп, / Кыйан агып суу кирип, / Зыйан кыла албады, / Ошол чынар бүрдөгөн, / Айкөл Манас арбагы, / Гүлдөрү кыргыз калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →