бүчүлө
- Бүчүсүн байлаштыруу, байлоо, бүчүлүгүн өткөрүү.
- Топчулоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үстүндөгү темир тон, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Опчулугун опчулап, / Кара бойун топчулап, / Бөрү тилме көк найза, / Бекемдеп кармап колуна, / Бурулбастан чу койду, / Жыйылган каңгай тобуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…өтпөс буулум олпоктор, / Туш-тушунан кырчылып, / Жака-жеңи бурчулуп, / Белиңде темир жынжырлар, / Туурасынан үзүлүп, / Бүтүн калбай кийимдер, / Кармаган жерден бүчүлөп, / Найзаларын баатырлар, / Кара ташка түйрөшүп, / Күңгүрөнүп түр чыгып, / Көргөнгө башка түр чыгып, / Ажыдаардай аркырап, / Айбаты башка сүр чыгып, / Күн кечки…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…арыш алга жылдырбай, / Кайтарайын ушул чак, - / Сыргакты салып жолуна, / Куу түлкүнүн кеп тонун, - / Коңурбайча чен тонун, / Алмамбет салды жонуна, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Эки каптал-кабырга, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Эп келтире койгону, / Нак Коңурбай болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баарысын алып кетер деп, / Топчулугун топчулап, / Тула бойун опчулап, / Капталынан бүчүлөп, / Алгарасын чү-чүлөп, / Бат атарын койундап, / Алгарасын мойундап, / Чоң кисеси шалпылдап, / Очогор жондо жалтылдап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Өңүрү кетти салкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тоотору турса кишинеп, / Сак болду Кыйаз бир демде, / Кумтулап соотун бүчүлөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →