бүчү

китептерде 30 жолу, 5 китепте
  1. Көбүнчө ич кийимдерге, жаздык капка ж.б. байлаштырып бүчүлөп коюу үчүн топчу ордуна колдонулуучу ичке боо, бүчүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Найзанын учу такылдап, / Балтанын сырты чакылдап, / Кылычтын мизи айрылып, / Туулганын сырты жарылып, / Бүчүлүктөр үзүлүп, / Бурумунан ажырап, / Сооттун көбү бузулуп, / Чыдай албай чынжырлар, / Чыгып кетти үзүлүп, / Чарайна, калкан сүзүлүп, / Чакчалекей-будуң-чаң, / Аңтарылып кетчүдөй, / Араң турат бу заман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үстүндөгү темир тон, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Опчулугун опчулап, / Кара бойун топчулап, / Бөрү тилме көк найза, / Бекемдеп кармап колуна, / Бурулбастан чу койду, / Жыйылган каңгай тобуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ман ачык жер бүркөк, / Жел чыкканда зыркырап, / Асман көпкөк көрүнүп, / Кудай бетин нары кыл, / Эр Саламат, Кесилет, / Эрегишип алышып, / Эрикпестен чабышып, / Бүчүлүктөр үзүлүп, / Жакалары шалбырап, / Этектери далбырап, / Тил байланып так келбей, / Сүйлөй албай балдырап, / Тиктеп калып бир бирин, / Далайгача жалдырап, / Катыкүн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бута атым кирип келгенде, / Арстан шерди караса, / Ак олпок жок эндекей, / Калган кийим ысыкта, / Бүчүсү жок желбегей! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Залкар тоодой Куйалы, / Желжетпес менен аттанды, / Орто бойлуу кыз экен, / Башы баатыр эрендик, / Айагы ийне бүчүлүк, / Баарысына уз экен, / Эл турушат жарданып, / Желжетпес менен Куйалы, / Эркин өскөн аскада, / Карагайдай шаңданып, / Куйалыны көргөндө, / Кутургур турду муну … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →