бүтө
- Бир нерсенин ачык жерин бекитүү, тешиктерин тосуу, толтуруу, туюктоо.
- Үстү-башын жаңыртуу, кемкарчтарын толуктоо.
- Ийгиликти иреттеп Бүтөгүлө колхозду (Барпы).
- диал. Бүтүрүү, аягына чыга иштөө бүткөрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, келди, / Өткөн жылы сел келип, / Күмбөздүн өөдө жагынан, / Имерип жарды жеп келди, / Сегизи балбан эр экен, / Телегейи тең экен, / Суу жегисиз, сел алгыс, / Бүтөп берип ал жерди, / Кетсе болор, Ырыскан, / Кан ичүүнү каалабайым, / Бекер андай уруштан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…анып чыгып кетти, деп / Көргөн элдер айтышат, / Элдин кебин укканда, / Эл оозунан чыкканда, / “Чойтолоң андай киши эмес, / Бул ойной турган иш эмес, / Кырк күн бүтөт эми эле, / Сейитке салчу уруштун, / Алдында кылчу кеп-кеңеш, / Чакырып кел ылдам” — деп, / Ханым буйрук кыларсың, / Баргандан кепти укканда, / Ооздон мындай чы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…өбү жок, / Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн, деп, / Гүлүсүм айтып жиберди, / Силкисем чапан бүтөлдү, / Сыласам сакал жетилди, / Ошондон бери карата, / Жүзүн көрөм деп жүрдүм, / Артык Семей жетимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кандай барсаң андай бар, / Кай жерде болсо жумушун, / Калтырбай баарын бүтөп ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Медеркан кимди көрсөтсө, / Ошонуң болуп ал деди, / Түп атасы шер Манас, / Көкчө өкүм бергендей, / Медерканга дөөлөттү, / Түгөнбөскө бериптир, / Мал-пулун берип каңгайга, / Араң жүргөн Медеркан, / Калдайлыгы каңгайдын, / Өкүмү колго келиптир, / Баары ишин бүтөп болгондо, / Сомбилек жөнөй бериптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →