бүтүр

китептерде 180 жолу, 10 китепте
  1. Баштаган ишти, сөздү ж. б. аягына чыгаруу, толук бүтүү, акырына чыгуу, аяктоо, аткаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Малын алып пул кылып, / Азаматын кул кылып, / Катын-кызын күң кылып, / Бузуп кеткен экөөнү, / Жасатайын бүтүрүп, / Ойлогонум ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Усталарды жыйыңар, / Жыгачтарды кыйыңар, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Бир жакшылык кылыңар, / Каныкейдин иши деп, / Кылымга калсың мунуңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— деп анын сөзүн айтып бүтүрбөй муштуму менен столду коюп калып, ызырынып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– деп керебет суроо менен бүтүрөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →