бүтүндө

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Жыртык-тешигин бүтөө, жамап-жазгоо, бүтүн кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Урушар болсоң кайрат кыл, / Соотуңду кийип бүтүндөп, / Кемериң курчап байлангын, / Жалгыз өзүң сен эмес, / Эрден миңи болсо да, / Жолуңа салчу мен бармын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көргөндөр берсе бүтүндөп, / Кийерин кийип болгон деп, / Чачыке койгон бердирбей, / Бутун ачпай дүрдүйүп, / Түз боло албай бүкүйүп, / Муштумдай кемпир болуптур, / Чеңгелге толбой чүкүйүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →