бүтүн
- Жыртык-тешиги жок, айрыгы жок, жыртылбаган.
- Сынган-бүлгөнү жок, сыныгы, жаракасы жок, кетилбеген, бузулбаган, кемирилбеген.
- Бүткүл, бардык, бүт, бүтүндөй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыйнап берсе алганын, / Жибип көөнүң агарат, / Башы бүтүн боору эсен, / Ламабыз аман калалат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айткан кепке болбосоң, / Арманың ичте калбасын, / Айанбастан камдангын, / Камың бүтүн болгончо, / Камаарабай мен бармын, / Кагышар болсоң бел байлап, / Аркаңда аскер жардасын, / Ачакан менен Саламат, / Ажырап андан сен калдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Илени бойлоп жаткандан, / Кыргыз менен казактан, / Миң үйдү чаап алыптыр, / Мал-мүлкүн бүтүн алыптыр, / Өздөрүн таштап талаага, / Мүшкүл күндү салыптыр, / Үчкаркыра, Сарарка, / Эки Кемин буларга, / Жөөлөп чубап барыптыр, / Иледеги миң үйлүү, / Ушинтип …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Бүтүн кылым элде жок, / Атаң Семей келбети, / Төгүлүп жерге тамчудай, / Бетинен жааган бермети.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бүтүн темир кийинип, / Бир кудайга сыйынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →